1. Бир нерсеге аябай таң калуу, айраң-таң болуу, акылы айран болуу. Эне сүтү оозунда деген береги баланын... кылган иштеринежака карманышты (Акматов). «Ой тобо», дешти аны көргөндөр жакасын карманып, «ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен...» («Кыргызстан аялдары»). Мунум сыртка чыкпай, ичимден айтылганын кийин билип, жакамы карманып, өзүмө бир ыраазы болдум (Казакбаев). 2. Бир нерседен кооптонуп үрөйү учуу, коркуу. Ачарчылык аз келгенсип, кызылча, келте каптады, - деп жакасын карманып, мөгдүрөп турушту (Бердикеев). Кудай өзүң колдой көр, алааматтан сактай көр, -деп кемпир калтаарып, жакасын карманды (Жантөшев).
1. Таң калуу, жакасын кармануу, айран-таң болгондук. Калктын баары таң калды, Жакаларын карманды (Токтогул). Эне сүтү оозунда деген береги баланын кылган иштерине жака карманышты (Акматов). «Ойтобо», дешти аны көргөндөр жакасын карманып, «ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен...» («Кыргызстан аялдары»). Мунум сыртка чыкпай, ичимден айтылганын кийин билип, жакамы карманып, өзүмө бир ыраазы болдум (Казакбаев). 2. Корккондо, укмуштуу окуяны укканда, апкаарып, шаштысы кеткенде ж. б. жакасын кармап кудайга жалынуу, тобо кылуу. Чын эле жаканы кармана турган жорук. Ачарчылык аз келгенсип, кызылча, келте каптады, – деп жакасын карманып, мөгдүрөп турушту (Бердикеев). Кудай өзүң колдой көр, алааматтан сактай көр, – деп кемпир калтаарып, жакасын карманды (Жантөшев).